Мектеп туралуу маалымат
Билим берүү уюмунун аталышы—У.Калиев атындагы Чолпон жалпы орто билим берүу мектеби
Дареги-Ысык-Көл облусу Ак-Суу району Чолпон айылы Илис көчөсү
Менчик формасы— муниципиалдык
Билим берүү уюмунун статусу-Жалпы орто билим берүү мектеби
ИНН— 41106200310115
ОКПО-20962310
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айыл аймагына караштуу Чолпон айылында мектеп 1929-1930-жылдары уюштурулган. 1964-1965- окуу жылынан баштап 10-жылдык мектеп болгон. 1978- жылдан баштап мектеп 11 жылдык болуп ачылган.
Жаны мектептин курулушу 10-декабрь 2013-жылы башталды.Мектептин жалпы сметасы 78 млн. сомго түзүлгөн.Мектептин биринчи траншын “Анас строй” фирмасы утуп, 28 млн.сомдук чатырын жабууга чейинки жумуштарды бүтүргөн. Экинчи траншты 2018- жылдын март айынан бери “Тунук курулуш” фирмасы жасап мектеп толугу менен курулушу аяктап пайдаланууга берилди.Мектеп 225 орунга ылайыкташкан. Эки кабаттан турат, ичинде 14 окуу класс кабинети , музыка зал, спорт зал, ашкана, мастерской, архив жана админстративдик кабинеттери бар. Септик курулган, жылытуу системасы көмүр менен жылытылат.
2019-жылдын январь айында 225 орундуу эки кабаттуу баардык талапка жооп бергендей шарты менен жана спорт залы менен ишке кирди.
Мектептин ички аянтынын жалпы кубатурасы-5647м3
Мектепке тиешелүү аянт-2027,07м2
Мектептин имаратынын аянты 1162,38 м2
Мектеп директору: Термечиков Марат Аскерович тел: 0500075865 , e-mail : [email protected]
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары: Жунушбаева Дарика Баямановна 0700271468
Директордун тарбия иштери боюнча орун басары :Арыкбаева Эльвира Омурбековна 0700144076
2021-2022- окуу жылында мектепте 30 мугалим эмгектенип жатат.
Анын ичинен: -26 мугалим жогорку билимдүү
— 3 мугалим атайын орто билимдүү.
— 10 мугалим “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси.
— 8 мугалим пенсия курагында.
Быйылкы окуу жылында мектепте: 1-11 класста 386- окуучу окуйт. Даярдоо классында 43 окуучу билим алат.Анын ичинен: 17- класс комплект.
— 0- класста 43 окуучу,анын ичинен 23 кыз,
— 1-4 класста 132 окуучу,анын ичинен 67 кыз,
— 5-9- класста 158окуучу, анын ичинен 74 кыз,
-10-11- класста 53 окуучу, аынын ичинен 22 кыз.
Мектептин концепциясы
Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.
Мектептин усулдук темасы
«Өз ишин берилип иштеген мсугалим- баарынан мыкты мугалим»