Бүгүн 8-декабрда Ак-Суу районундук уландар арасында мектеп лигасында Ү.Калиев атындагы Чолпон жалпы орто билим берүү мектебинин дене тарбия мугалими Урмат Кадырбаевич жетектеген волейбол уландар курама командасы 1-орунга ээ болушту.Алдыдагы боло турган областык мелдеште Ак-Суу районунун намысын коргойт деген ишеничтебиз. Урмат агайга,балдарыбызга ден-соолук, күч кубат жана дагы ийгилик каалайбыз!Оюнга катышууга мектеп жааматы мектеп чарбасынан демөөрчүлүк көрсөтүштү.Сыйлык сиздердики,сыймык биздики!